БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Россия Израилдин Иранга чабуулунун артынан эле АКШнын ал өлкөнүн бир катар өзөктүк объектилерине жасаган соккусун айыптайт. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомство эгемендүү өлкөнүн аймагына ракеталык-бомбалоо менен сокку уруу боюнча жоопкерчиликсиз чечим кандай гана себептер менен түшүндүрүлбөсүн, эл аралык укукту олуттуу бузуу экенин белгилеген. Министр ошондой эле бул чечим БУУнун уставы жана Коопсуздук кеңешинин резолюциялары тарабынан тыюу салынган нормалардын бузулушуна алып келгенин кошумчалаган.
"Соккуну БУУнун туруктуу мүчөсү болгон өлкө жасагандыгы өзгөчө тынчсыздандырууда. Бул аракетке, анын ичинде радиологиялык кесепеттерге да баа берилиши керек. Бирок аймактык жана глобалдык коопсуздукка доо кетирген кооптуу чыңалуунун башталганы азыртадан эле көрүнүүдө. Ансыз да көптөгөн кризистер болуп жаткан Жакынкы Чыгышта жаңжалдын күчөө тобокелдиги жогорулады", — деп айтылат маалыматта.
Россия ТИМи АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуусунан Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине негизделген глобалдык режимге тийгизген зыяны тынчсыздандырып жатканын белгилеген. Анткени Иранга жасалган бул сокку Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин беделине, МАГАТЭнин анын базасындагы верификация жана мониторинг системасына олуттуу терс таасир алып келди. Министрлик буга байланыштуу агенттиктин жетекчисинен так, эч кандай бүдөмүксүз жана саясий нейтралдуулукка жашынбаган реакция күтөрүн белгилеген.
Тышкы иштер министри жакын арада агенттик бул боюнча атайын жыйын уюштуруп, анда МАГАТЭнин директорунун объективдүү баяндамасы болушу керек деп эсептейт.
"Албетте, БУУнун Коопсуздук кеңеши да реакция жасашы керек. АКШ менен Израилдин согуштук аракеттерине биргеликте каршы туруу зарыл. Агрессияны токтотууга жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө шарт түзүүгө багытталган аракеттерди күчөтүүгө чакырабыз”, – деген ТИМ.