БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин фашисттик баскынчыларга каршы салгылашта курман болгондорду эскергенин Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 84 жылдыгында РФ лидери Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.
Салтанатка согуштун ардагерлери, аскер кызматкерлери жана аскердик жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү катышты.
Өчпөс отко коргоо министри Андрей Белоусов да гүл койду. Иш-чаранын катышуучулары Ата Мекенди коргоочуларды эскеришти. Салтанаттуу иш-чара Аскердик даңктын улуттук мемориалынын алдынан Ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен уланды.
Президент ошондой эле баатыр шаарлардын обелисктерине жана “Аскердик даңк шаары” ардактуу наамы ыйгарылган шаарлардын урматына орнотулган мемориалдык белгиге гүл койду.
Фашисттик Германия 1941-жылдын 22-июнунда Советтер Союзуна согуш жарыялабастан кол салган.