БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 23-25-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Касымалиев “Жайкы Давос -2025” дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. Форум “Жаңы доордогу ишкердик” деген ураан астында өткөрүлүп, дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн эки миңге жакын катышуучу келет.
Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрө тургандыгы кошумчаланды.