БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусу чоң кесепеттерге алып келерин билдирди. Бул тууралуу министр X социалдык баракчасына жазганын РИА Новости жарыялады.
Аракчи Иран өз кызыкчылыктарын коргой турганын белгилеген.
"Америка БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуп туруп Ирандын тынч турган өзөктүк объектилерине чабуул жасоо менен БУУнун уставын, эл аралык укуктарды жана Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди олуттуу бузду. Эрте мененки окуялар – бул чектен чыккандык жана чоң кесепеттерге алып келет... БУУнун уставына жана анын өзүн-өзү коргоо үчүн мыйзамдуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берген жоболоруна ылайык, Иран эгемендигин, кызыкчылыктарын жана элин сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот", – деп жазган өлкөнүн тышкы иштер министри.
АКШ ишембиге караган түнү Ирандын өзөктүк объектилери бар үч аймакка: Натанз, Фордо жана Исфаханга сокку урду. Америка лидери Дональд Трамптын айтымында, сокку өлкөнүн өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө үчүн жасалды. Ал Иран согушту бүтүрүүгө макул болушу керектигин, антпесе мындан да олуттуу кесепеттерге туш болорун белдирген.
Ирандын парламенти Тегеран Фордодогу өзөктүк объектиге ушундай сокку болорун билип эвакуация жасашканын, мындан улам өтө чоң зыянга учурашпаганын билдиришкен. Өзөктүк энергия боюнча уюм соккулардан кийин Тегеран өзөктүк тармагын өнүктүрүүнү токтотпой турганын айтты.
Ал эми АКШнын чабуулу эл аралык деңгээлде терс пикирлерди жаратууда. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш аны жаңжалдын кооптуу курчушу деп атап, эл аралык тынчтык менен коопсуздукка түздөн-түз коркунуч туудурат деген.
Кубанын ТИМ башчысы Бруно Родригес Паррилья АКШнын Иранга каршы агрессиясын айыптап, эл аралык укуктук нормаларды бузуп чоң кесепеттерге алып келе турган жоопкерчиликсиз кылмыштуу акт деп сыпаттаган.
Республикачыл конгрессмен Томас Мааси АКШнын Иранга соккусун Конституцияга каршы келет деп билдирсе, Нью-Йорк штатынан Конгресс өкүлү Александрия Окасио-Кортес бул кадамдар импичмент үчүн негиз болорун айткан.