БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш АКШнын Иранга жасаган соккусу кооптуу эскалация жана тынчтыкка, коопсуздукка түз коркунуч жаратарын билдирди. Анын билдирүүсү уюмдун сайтында жарыяланды.
Гутерреш АКШнын Иранга каршы күч колдонуусуна терең тынчсызданып жатканын айтып, жаңжал тез эле көзөмөлдөн чыгып, карапайым калк, аймак жана дүйнө үчүн катастрофалык кесепеттер жараларын айтты.
"Мен мүчө мамлекеттерди деэскалацияга, БУУнун Уставына жана башка эл аралык мыйзамдарга ылайык, өз милдеттерин аткарууга чакырам. Бул кооптуу учурда башаламандыктан качуу зарыл. Аскердик жол менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Бир эле жол бар – ал дипломатия", – деп айтылат Башкы катчы билдирүүсүндө.