"Мен тасманы кадимки суроо-жооп иретинде эмес, символдордун негизинде философиялык өңүттө тартам. Эгер сунушума макул эмес болсоңор башка режиссерго бергиле" дедим. Көркөм кеңеш макулдугун берди. Ошентип тасманы тартууга кириштим. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Айдаркан Ахметов, Шаршеналы Усубалиевдерди Алматы шаарына алып бардым. Ал жерде 28 панфиловчунун паркындагы эстеликтин жанында тарттык. Мындан сырткары, тасмага СССР, Казак ССРи жана Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтер архивинин материалдарын коштук. Эч кандай баяндоо болгон эмес, архивдик материал кошулуп, музыка менен гана коштолду. Мисалы, атактуу мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун борбор калаадагы Эмен паркында өчпөс отту күйгүзүп жаткан учурун Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик архивинин кинофонофотодокументтеринин арасындагы тасмадан алганбыз", — деди Сүйүндүков.