БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Дүйнөдө Кыргызстандын тамекилерине болгон суроо-талап кескин өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Маалыматка ылайык, быйыл январь-апрелде 3,7 миллион даана тамеки продукциясы экспорттолгон. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7 эсеге көп.
Сатып алуучулар:
АКШ — 3 миллион 363,4 миң даана (өсүш 4 эсе);
Улуу Британия — 204,6 миң даана (өсүш 10 эсе);
Ирландия — 98 миң даана (бирок 2024-жылдын январь-апрелинде экспорт болгон эмес);
Вьетнам — 50 миң даана (бирок 2024-жылдын январь-апрелинде экспорт болгон эмес);
Ошондой эле Канада, Нидерландия жана Австралияга аз өлчөмдө сатылган.