БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунун (Ош облусу) Мады айылында кайненесин өлтүрдү, аялын бычактады деген шек менен 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Кандуу окуя 20-июнь күнү болгон. Милицияга адам өлтүрүлгөнү боюнча маалымат түшкөн. Тартип сакчылар ал жерге барганда Мады айылынын тургуну аялы менен кайненесин учтуу нерсе менен сайганы аныкталган. Кайненеси дароо каза болуп, аялы ооруканага жаткырылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, ыкчам тергөө башталды. 34 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.