Ирандын ТИМ башчысы Россиянын президенти менен жолугууну пландоодо

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну пландоодо. Бул тууралуу NBC телеканалынын журналисти Андреа Митчелл министр менен маектешкенден кийин айтканын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Аббас Аракчи 23-июнда Москвага аттанат.

"Ал дүйшөмбү күнү Москвага барып Владимир Путин менен жолугарын пландап жатканын айтты", — деди Митчелл телеканалдын түз эфиринде.

Буга чейин Путин Россия Иран менен Израилге ортомчу болууга умтулбай турганын, бирок идеяларды сунуштай аларын билдирген.
Путин: Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байкоо салып турат