Иш-чара Панфилов дивизиясынын баатырларына арналган. Алардын эрдиги Москваны коргоодо негизги ролду ойногон эле.
Акция Кыргызстандагы "Жеңиш ыктыярчылары" кыймылы, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, ардагерлер жана ыктыярчылар коомдору, Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Русский дом жана "Евразия Кыргызстан" фонду тарабынан Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.