Мыйзам бузуп пайдаланышкан. Бишкекте жерге мурда берилген укуктар жокко чыгарылууда

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы учурда мыйзам бузуу менен пайдаланылып жаткан жер тилкелерине буга чейин (колдонуу үчүн) берилген укуктарын жокко чыгарууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Мэрия шаардагы мыйзам бузган, айтылган максатта колдонулбаган айрым жер тилкелеринин тизмесин жарыялаган.
Муниципалитет шаардык кызматтарга бул ишти улантууну тапшырды. Анда мурда айтылган максатта пайдаланылбай шаар куруу эрежелеринин четтеген, ошондой эле тиешелүү төлөмдөр же жер салыгы төгүлбөй колдонулган участоктор аныкталмакчы.
Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жатат. Сүрөт