Бишкекке жана Чүй облусуна көмүрдүн майдасын ташууга тыюу салуу сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкек шаарына жана Чүй облусуна көмүрдүн майдасын ташууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Буга кыш мезгилинде күч алуучу ыш маселеси түрткү болгону айтылат. Изилдөөлөр анын 40 пайызы жер тамдарда көмүр жаккандан чыгарын аныктаган. Мындан улам 1-сентябрдан тартып Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына жылуулук берүүчү ишканаларга жана өнөр жай объектилеринен башкаларга фракциясы 0–13 миллиметр болгон (үбөлөнгөн) көмүрдү ташууга, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынмакчы.

"Майда көмүрдүн жагылышы шаардыктардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, экологиялык абалды начарлатып, респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өсүшүн шарттоодо", — деп жазылган документте.

Министрликтин маалыматына караганда, Бишкек жана Чүй облусунда негизинен Кара-Кече кенинен алынган күлдүү көмүр колдонулуп келген.
Ыш менен күрөштүн алкагында эски автоунаалардын импортун чектөө каралууда