АКШ студенттик виза алчуларга коюлган талаптарды катуулатты

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары студенттик виза ала тургандарга талапты катуулатып жатат. Бул туурасындагы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Бул жаңы тартип кыргызстандыктарга да тиешелүү. Кеп F, M жана J (студенттердин жана билим, таржрыйба алмашуу программалары) категориясындагы виза алам дегендерге текшерүүнүн жол-жоболору кеңейгени туурасында жүрүп жатат.
Эми визага арыз бергендердин социалдык тармактагы баракчалары ачык болушу зарыл. АКШ бийлиги мындай кадам аларга визага алууга талапкердин "ким экендигин жакшыраак аныктаганга" жардам берет деген ниетте.
Буга чейин Мамлекеттик департамент 36 өлкөнүн жарандарын АКШга киргизүүгө тыюу салуу ниетин жар салган. Анын ичинде Кыргызстан да бар болчу. Кыргыз ТИМи буга өзүнүн позициясын билдирген.
АКШ өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткен мыйзамсыз мигранттарга миң доллардан берет