БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга өзөктүк куралдар программасы боюнча келишим түзүү үчүн эки жума берерин айтканын РИА Новости жазды.
Журналисттер Трампка АКШ Иранга ушул мөөнөткө жетпей сокку урбайбы деген суроо узаткан.
"Буюрганын көрөбүз. Бирок мен аларга ашып кетсе эки жума убакыт берип жатам", — деди Трамп.
Ак үйдүн маалымат катчысы АКШ Иран менен түз жана кыйыр байланыштарды улантып жатканын белгиледи.
Израиль Иранды жашыруун өзөктүк согуштук программа жүргүзүүдө деп айыптап, 13-июнга караган түнү ага каршы аскерий операция баштады. Аба соккулары Ирандын атомдук объектилерине, аскер жетекчилерине, өзөктүк курал боюнча иштеген физик окумуштууларына, аба базаларына жана ракеталарга багытталды. Иран өзөктүк программасынын согуштук максаты жок деген билдирүүсүнөн кайткан жок.