БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Тышкы кырдаалга карабастан Россиянын ИДПсы соңку эки жылда дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору өстү. Бул тууралуу Владимр Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
Ал ИДП көлөмү боюнча Россия дүйнөдө төртүнчү, ал эми Европа боюнча биринчи орунда экенин белгиледи.
“Биздин экономика тууралуу “чийки затка көз каранды” деген түшүнүк акырындык менен жокко чыгып баратат”, — деди Путин.
Азыркы тапта “Жалпы балуулуктар — көп уюлдуу дүйнөнүн негизи” аталышындагы Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат. Ал 18-июнда башталып, 21-июнда жыйынтыкталат.