БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия өнөктөштөрүн жаңы глобалдык моделди түзүүгө активдүү катышууга чакырат. Бул тууралуу президент Владимир Путин Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумда билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк экономика соңку ондогон жылдардагы эң ири трансформацияны баштан кечирүүдө.
"XXI кылымдын башында БРИКС өлкөлөрү дүйнөлүк экономиканын бештен бир бөлүгүн түзсө, бүгүн бул көрсөткүч 40%га жетти. Бул айкын нерсе жана көрсөткүчтөр мындан да жогорулайт. Негизги өсүш Глобалдык Түштүккө кирген мамлекеттердин эсебинен болот", — деди Россия президенти.
Ошондой эле ал дүйнөдө жаңы өнүгүү моделин түзүү зарылдыгын айтып, ал модель неоколониализм принциптеринен эркин болушу керектигин белгиледи.
“Россия өнөктөштөрүн жаңы глобалдык моделди түзүүгө активдүү катышууга чакырат. Бул дүйнөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылат”, — деди Путин.
Президент заманбап чакырыктар биргелешкен аракеттерди талап кыларын, аларды жалгыз же башкалардын эсебинен чечүү мүмкүн эместигин кошумчалады.