БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусуна аткезчилик жол менен тамеки ташып жүргөн уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылы төрт адам Кыргызстанга тамекини ири өлчөмдө ташып келүү боюнча туруктуу кылмыштуу канал түзүшкөн. Схема боюнча, товар аймакка киргизилип, андан кийин расмий түрдө камакка алынып, сактоого өткөрүп берилген. Кийин жүк уурдалып, Казакстанга сатуу үчүн ташылып кеткен.
“Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренеси менен иш козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун мүчөлөрү “БиМи Ош сервис” бажылык тариздөө пунктунун кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алганы аныкталган. Кыргызстанга 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Шектүү үч адам кармалды. Ош шаардык сотунун чечими менен алардын бөгөт чарасы каралып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.