Путин: Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байкоо салып турат

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын чыңалып бара жатканына түйшөлүү менен байкоо салып турат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында Бахрейн падышасынын уулу, Падышалык гвардиянын башчысы Нассер бен Хамад бен Иса Аль Халифа менен сүйлөшүп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Тилекке каршы, биздин жолугушуу силердин аймакта абал курчуп турган учурда өтүп жатат. Бардыгыбыз ал жакта эмне болуп жатканына түйшөлүү менен көз салып турабыз", — деген ал.
Эске салсак, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
ПЭЭФ — глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.
Москва АКШны Иран-Израиль жаңжалына кийлигишүүдөн этият болууга чакырууда