Путин: Россия Иран менен Израилге ортомчу болууга умтулбайт

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия Иран менен Израилге ортомчу болууга умтулбайт, бирок идеяларды сунуштай алат. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдирди.
Ал Петербург эл аралык экономикалык форумунда белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууда эки өлкө үчүн туура келген (орток) чечимдерди табууга болот.
“Мен Нетаньяхуга, Пезешкианга жана Трампка чатакты чечүү боюнча көз карашымды билдирдим”, — деди Путин.
Ал өлкөлөрдүн коопсуздугу башкалардын эсебинен камсыздалбашы керектигин белгиледи.
Путин ошондой эле Глобалдык Түштүк өлкөлөрү бул чатакты чечүүгө таасир эте аларын жокко чыгарган жок.
Путин: Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байкоо салып турат