БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россияда жумушсуздук 2,3 пайызды түзүп, тарыхый минимумга түштү. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) пленардык жыйынында билдирди.
"Акыркы төрт жылда Россияда иштеген жарандардын саны 2 миллион 400 миң адамга көбөйдү. Өткөн жылдын октябрь айынан бери жумушсуздуктун деңгээли 2,3 пайызды түзүп, тарыхый минимумга түштү", — деди Путин.
Ал ошондой эле жаштар арасындагы жумушсуздук боюнча Россиянын экономикасы дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирерин белгиледи.
Путиндин айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Россияда жакырчылыктын деңгээли 7,2 пайызды түзүп, рекорддук көрсөткүч болду.
“2000-жылы Россияда жакырчылыктын деңгээли 29 пайыз болсо, азыркы максат — бул көрсөткүчтү 5 пайызга түшүрүү", — деди Путин.
Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди.
Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
ПЭЭФ— глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.