БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиянын аракеттери глобалдык милдеттерди чечүүдө кызматташкысы келгендерди бириктирүүгө багытталган. Бул тууралуу президент Владимир Путин Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумда билдирди.
“Биздин негизги максат — көптөгөн өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен дүйнөнү тең салмактуу өнүктүрүү. Ошондой эле чечимдер белгилүү бир топтордун, уюмдардын же аскердик-экономикалык блоктордун кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы адамзаттын пайдасына иштеши керек”, — деди ал.
Азыркы тапта “Жалпы балуулуктар — көп уюлдуу дүйнөнүн негизи” аталышындагы Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат. Ал 18-июнда башталып, 21-июнда жыйынтыкталат.