Кыргызстан менен Россиянын өкмөт мүчөлөрү ЕАЭБ алкагындагы сооданы талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ алкагындагы соодалашууну талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Радио
Кулжанова: ЕАЭБ өлкөлөрү миграцияга келгендерге пенсия чегерип берүүгө милдеттүү