БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабы макулдашылат деп күтүп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Келерки жумада эксперттердин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раунду боюнча макулдашууну күтүп жатабыз", — деген Песков.
Мындан сырткары, Россия Киев менен сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле жасаарын кошумчалаган.
Кремлдин өкүлү диалогдун гуманитардык аспектине токтолду.
"Стамбулдагы экинчи раунддагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы гуманитардык жактан алганда өтө маанилүү болду. Биздин жүздөгөн балдар: жаш жоокерлер, оор жаракат алгандар, ооруп жаткандар мунун аркасы менен үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүк алды. Сүйлөшүүлөрдү ушул үчүн жасаш керек болчу", — деген Песков.
Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Түркияда 2025-жылдын 2-июлунда өткөн. Стамбулдагы Чыраган сарайында диалог эки сааттан ашык убакытка созулган. Анда тараптар жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандум алмашып, туткундарды бири-бирине өткөрүп берүүнү макулдашышкан.