БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕАЭБдин илимий-техникалык потенциалын пайдаланууга чакырды.
Ал Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, 10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги олуттуу натыйжаларга жетишкенин билдирди. Айтымында, бул мезгил аралыгында өнөр жай өндүрүшү 29,1 пайызга, айыл чарба өндүрүшү 25,5 пайызга өскөн.
Амангелдиев мындан аркы тең салмактуу өнүгүү үчүн кооперациялык долбоорлор зарыл экенин, Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын бул багыттагы аракетин колдой турганын белгиледи.
"Өндүрүштө гана эмес, илимий-техникалык чөйрөдө да кызматташуу зарыл. Бул жагынан союздун потенциалы чоң, мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл", — деген ал.
Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
ПЭЭФ — глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.