Арзандоону шарттайт. Товардын бир нече түрүн КНСтен бошотуу каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өлкөдө 2030-жылга чейин бир топ айыл чарба продукциясын кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу сунушталууда.
Токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Максат — жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана алар чыгарган товарлардын баасын элдин чөнтөгүнө ылайык келтирүү.
Учурда КНСтин коюму 12 пайыз. Бул жеңилдикти нанга, унга, картошка, мөмө-жемиш, эт, балык, суусундук, бал жана башка продукцияларга пайдалануу сунушталып жатат.
"Күйүүчү жана майлоочу майдын, жер семирткичтердин, логистика жүргүзүү, таңгактоо сыяктуу кызматтардын кымбатташы жана чийки продукцияны саткандан тапкан киреше төмөн болуп турганда КНС салуу (12 пайыз) жергиликтүү аграрийлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн (өзгөчө ички рынокто) олуттуу төмөндөтөт. Мындан сырткары, агроөнөр жай комплексинин субъектилеринин олуттуу бөлүгү, тагыраагы, толук кандуу салыктык эсепке алууну жүргүзүү үчүн жетиштүү ресурсу жок чарба жүргүзүүнүн чакан формалары КНСти эсептөө жана төлөө боюнча талаптарды аткарууну кыйындатат", — деп айтылган негиздемеде.
Болжолдонгон оң жыйынтык:
сатуу баасын 10-12 пайызга төмөндөтүү;
айыл чарба продукциясын ачык сатуунун көлөмүнүн өсүшү;
фермерлердин кирешесин жогорулатуу;
кайра иштетүү тармагынын өсүшүнө дем берүү.
Министрлик бул токтом иштеп кетсе агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүн камсыздап, жергиликтүү айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн кирешесин арбытууга көмөкчү болорун белгилеген.
40 миң адамды сактаса болот. Тамекинин салыгын жыл сайын 25%га көтөрүү сунушталды