БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев алкоголдук, кант кошулган, энергетикалык суусундуктарга жана тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү керектигин айтты.
Ал Жогорку Кеңеште депутаттардын энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушуна жооп берип жатып, бул кадам, тескерисинче, контрабанданы күчөтөрүн белгиледи.
"Андан көрө акциздик салыктарды көтөрүш керек. Ошондо мындай продукциялар кымбаттап, өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү болбой калат. Мамлекеттик бюджетке да кошумча киреше түшөт", — деди Чечейбаев.
Ошондой эле бул товарларды бардык дүкөндө эмес, уруксат алгандарында гана сатууга мүмкүндүк берүү керектигин кошумчалады.
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар зыян экени айтылып, аны сатууга, ташып келүүгө тыюу салуу сунушталып келет. Демилгени Жогорку Кеңеште ар кайсы убактарда депутаттар Бакытбек Марипов менен Улан Бакасов көтөргөн. Ал эми Алишер Козуев энергетикалык суусундуктарды жарнама кылгандарды 15 миң, юридикалык жактарды 35 миң сомго айыпка жыгууну сунуштаган.
Мындан тышкары, парламентте тамекинин салыгын жыл сайын 25 пайызга көтөрүү менен 40 миң адамды өлүмдөн сактап калса болору айтылган.