Россия менен бирге мектептерде баңгизат аныктоочу долбоор киргизүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Россия менен бирге мектептерде синтетикалык баңгизатты аныктай турган долбоор даярдалып жатканын билдирди.
ЖК жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев ар бир жаранды, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерди да баңгизатка текшерүү керектигин айткан.
Саламаттык сактоо министри окуучуларды, студенттерди же жарандардын баарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү мүмкүн эмес экенин айтып, бирок саркынды суу аркылуу синтетикалык баңгизаттын калдыктарын аныктоо мүмкүн экенин белгилеген.

"Долбоордун алкагында өлкөдөгү ар бир мектептин саркынды сууларынан анализ алуу каралууда. Эгер анализден синтетикалык баңгизаттардын калдыктары табылса ИИМ ошол мектепке барып, кошумча иликтөө жүргүзө алат. Ушул ыкма аркылуу абалы оор мектептерди аныктап, ошол жерге өзгөчө көңүл бурууга шарт түзүлөт. Саркынды суулар аркылуу синтетикалык баңгизаттын калдыгын аныктоо мүмкүн экен. Азыр ушул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Чечейбаев.

Кыргызстан менен Россиянын өкмөт мүчөлөрү ЕАЭБ алкагындагы сооданы талкуулады