БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте шаардык инфраструктураны санариптештирүү долбооруна 2,2 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюлган. Ага ылайык, долбоорду "Скайнет Телеком" интернет-провайдери россиялык "Уфанет" компаниясы менен ишке ашырат. Ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 2,2 миллион доллар бөлөт. Инвестиция Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө "акылдуу" домофондорду жана видеобайкоо системаларын орнотууга багытталары белгиленди.
© Фото / пресс-служба РКФР
"Биз санариптик трансформациялоо жүргүзө ала турган кирешелүү долбоорлорду колдоону маанилүү деп эсептейбиз. Бул Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программага дал келет. Ушундай демилгелер аркылуу биз өлкөдө коопсуздуктун жана жашоо сапатынын жаңы стандарттарын калыптандырууга жардам берип жатабыз", — деди РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков.
Пилоттук этапта мындай кызматка жогорку суроо-талап бар экени аныкталган. Бишкекте 100дөн ашуун үй азыртадан эле туташууга кезек күтүп турганы кошумчаланды.