Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?

Sputnik
Экономика жана коммерция министрлиги аза кызматтын көрсөткөн агенттиктердин ишин көзөмөлдөгөн токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Министрлик мындай аракети менен аза кызматынын бааларын, ишмердигин түшүнүктүү жана так тартипке келтирүүнү көздөйт. Мындай аракеттерге бул тармактагы башаламандык тууралуу тургундардан түшкөн арыздар себеп болгон. “Күн башат" программасында бул токтом ичине эмнелерди камтыганы, кандай өзгөрүүлөрдү алып келери тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башкы адиси Улан Дүйшеев жооп берди.