ЫСЫК-КӨЛ, 19-июн. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мамлекеттерине жасалган терс маалыматтардын агымы күчөп жатат. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысынын жардамчысы Дмитрий Грибков Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча I эл аралык конференциясында айтты.
Ал муну менен катар эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн күрөш жүргүзүүгө жоопкер органдардын ыкчам жана майнаптуу иштерин мисал келтирүүгө болорун белгилеген.
"Компьютердик чабуулдарга улуттук борборлордун кайтарган жоопторунун ыкмалары менен жолдорун дайыма өнүктүрүп туруу зарыл. Биргелешкен машыгуулардын алкагында маанилүү маалыматтык инфраструктурлык объектилерди коргоо боюнча мүмкүн болушунча чындыкка жакындаштырылган сценарийлерди иштеп чыгуу керек", — деген Грибков.
Конференцияга ЖККУ, КМШ, ШКУнун делегациялары жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.