БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУ жана Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алып жатып билдирди. Маалыматты өлкө башчынын маалымат кызматы таратты.
Эскерте кетсек, иш-чара Ысык-Көлдө өтүп жатат.
Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн белгиледи. Бул өңүттө Афганстандагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү. Өлкө башчы, мындан тышкары, экстремизм, террорчулук жана башка кооптуулуктарга каршы күрөштө күч-аракеттерди координациялоо зарыл экенине токтолгон.
"Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Коопсуздук маселелерин натыйжалуу, комплекстүү жана системалуу чечүү биздин өлкөлөрдүн калкынын жашоо сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизери талашсыз", — деди президент.
Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде террорчулук, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Соңунда Жапаров Коопсуздук кеңештеринин катчыларына жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.