Жалал-Абаддагы базарда өрт чыгып, төрт бригада өчүрүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарынан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө төрт бригада тартылып, ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты. Ал жерге ИИМ, Тез жардам кызматы да барган.
Тилсиз жоодон жабыркагандардын бар-жогу жана канча материалдык зыян келгени азырынча белгисиз.
Кечээ Алайда барак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял каза болду