Оверчук: ЕАЭБде бирдиктүү билим берүү системасын түзүү керек

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. ЕАЭБ мейкиндигинде бирдиктүү билим берүү системасын түзүү керек. Бул тууралуу Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Анын айтымында, жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү ЕАЭБдин негизги принциптеринин бири болгондуктан, биримдиктин аянтчаларында билим берүү маселелери дайыма көтөрүлүп турат.
"Бирдиктүү эмгек рыногу болуп, иш берген тарап жумушка алып жаткан кишинин билим деңгээлин билиши үчүн бирдиктүү билим берүү системасын түзүү керек", — деген Оверчук "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун панелдик сессиясында.
Вице-премьер ошондой эле мектеп окуучулары жана ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү бирдиктүү принциптерге жана стандарттарга негизделген сапаттуу билим алышы керектигин белгиледи.
Ал Россия өкмөтү Кыргызстанда орус тилдүү мектептерди куруу программасын ишке ашырып жатканын, Кыргыз-Россия Славян университетин Борбор Азиядагы негизги университетке айлантуу планы бар экенин эске салды.
Россия Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын сактоо аракетин баалайт