БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанга 5 миллионго жакын киберчабуул жасалып, 71 пайызы ийгиликтүү зыянсыздандырылган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясында билдирди.
Анын айтымында, технологиялык прогресс жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар эле кооптуулук жана тобокелдиктерди алып келүүдө.
"Киберкоркунучтардын кесепеттери да улам кооптуу болуп баратат. Мындай чабуулдар жарандар менен жеке уюмдардан тышкары бүтүндөй мамлекеттерге терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан бул багытта биргелешип иш алып баруу маанилүү", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Кыргызстан киберкоопсуздук жаатында инфраструктураны, мыйзамдарды жана кадрларды жакшыртып жатканын белгиледи.
"2024-жылы "Киберкоопсуздук жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле санариптик криминалистика лабораториясы жана Киберокуяларга ыкчам чара көрүү борбору түзүлдү. Бул борбор былтыртан бери 5 миллионго жакын киберчабуулду каттаган. Алардын 71 пайызы жоюлуп, калган 29 пайызы төмөнкү деңгээлдеги коркунуч катары бааланган", — деди УКМК төрагасы.
Бүгүн Ысык-Көлдө Киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясы өтүүдө. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, КМШ жана ШКУнун делегаттары, ошондой эле киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы эксперттер менен адистер катышууда.