Симоньян "Евразия" уюмун түзгөн Илон Шорго ыраазылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Евразия" уюмун түзгөнү үчүн "Жеңиш" оппозициялык блогунун лидери Илон Шорго ыраазылык билдирди.
Ал Петербург эл аралык форумундагы панелдик сессияны алып барган.
"Маданияттардын төп келишүүсүнөн, алды жакты көрө билгенибизден келечек кандай болору аныкталат. Украина сыяктуу болуп кетеби же жакшы жагына өнүгүп кетеби. Албетте, оң жагы болсо дейбиз. Долбоордун ойлоп тапкан Илон Шорго ыраазычылык билдиргим келет", — деген ал.
Симонян Евразия уюмунун ишинде байкалган "маданияттардын өз ара төп келишүүсү жана тилектештиги" бакубат келечектин ачкычы болуп калат деген үмүттө.
"Бул — кызыктуу жашоонун кепилдиги, ар кандай маданият, ар кайсы өлкөлөрдүн тарыхы, географиясы менен таанышууга, саякаттоого, достошууга мүмкүндүк берет. Келечектин ачкычы мына ушундай", — деп кошумчалаган ал.
Долбоордун сайтында маалымдалгандай, "Евразия" — улуттар аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыра турган коммерциялык эмес уюм. Уюмдун негизги багыттарынын бири мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо.
"Евразия": Кыргызстан — салттуу баалуулуктарды бекемдөөдө Россиянын жакын өнөктөшү