Швыдкой: россиялык кинематография КМШ өлкөлөрүндө дагы деле суроо-талапка ээ

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиялык кинолор КМШ өлкөлөрүндө дагы деле жакшы көрүлүүдө. Бул тууралуу РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, Россиянын тасмалары стриминг платформалары, эфирдик жана кабелдик телекөрсөтүү аркылуу кеңири аудитория табууда. Бул Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар учурунда согуш тасмалары көрсөтүлүп жатканда байкалган.

"Россиядан кино жаатында билим алууга кызыгуу да күч алууда. Ал режиссура, сценарий жазуу, актёрдук чеберчилик же операторлук иш менен гана чектелбестен, киностудиялардын экинчи жана үчүнчү катардагы кадрларына да тиешелүү болгон экинчи режиссёрлор, ассистенттер жана башкалар. Бул Борбор Азия менен Кавказдагы өлкөлөрдө көбүрөөк байкалууда", — деди Швыдкой.

Ал Россиянын Кино фонду КМШ мамлекеттери менен активдүү кызматташып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүндө заманбап кинотеатрлардын жана кинозалдардын жетишсиздиги курч экенин айтты. Ал мындай көйгөй калкы 40 миллиондон ашкан Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө бар экенин кошумчалады.
Адамалиев: кыргыз кинолору Голливуддуку менен атаандашууда