Элге жардам берүү милициянын милдети, бирок ал ишти эл алкап, жетекчилик баалап турса дем берип, күч кошот экен. Мындай пикирин Жакшылык Нурланбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сүрөттөгү окуя — милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишинин бир көрүнүшү.
"Күзөт кызматы футболдук беттеште коомдук коопсуздукка көз салып жатканбыз. Көп киши түрткүлөшүп бара жаткан. Тиги бала да көпчүлүктүн арасында болчу. Карасам бут кийиминин боосу чечилип калыптыр. Чалынып кетпесин деген ой кетти. Кесиптешим да "тиги балага жардам берип койчу" деп калды. Мен ал балага "коё тур, байлап берейин" деп багалектерин түрүп, боосун байлап бердим. Бул окуя коомчулукка белгилүү болуп кетет деп деле ойлогон эмесмин. Жарандарга жардам берүү биздин милдет, кызматыбызды аткарып жатканбыз", — деди Нурланбеков.
Укук коргоо кызматкери ал тууралуу билдирүүлөрдү жакындары да көрүп сыймыктанышканын айтып берди.
"Сүрөткө тартып жатканын билген эмесмин. Анткени оюн жүрүп жаткан. Сүрөт тарап кеткенин кийин көрдүм. Интернеттеги мен тууралуу маалыматтар жана ал жерде калтырылган билдирүүлөрдү окудум. Көбүнчө "жакшы тарбия берген ата-энесине рахмат" деген маанидеги билдирүүлөр экен. Үйдөгүлөр да көрүшүптүр, атам чалып, "азамат, ушундай иштерди жасап жүр" деп мактады", — деди Нурланбеков.
Ошондой эле ал милиция кызматкери болуп иштеп жатканына жарым гана жыл болгонун, аталган окуяга байланыштуу алган Ардак грамота алгачкы сыйлыгы экенин кошумчалады.