Бекболотов: Кыргызстан жамааттык коопсуздук үчүн өз салымын кошууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Коопсуздук кеңештин (КК) катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы менен ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны, "Борбор Азия жана Россия" форматындагы КК катчыларынын экинчи жолугушуусу Чолпон-Атада өттү.
Иш-чарада ЖККУнун аймагындагы коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана коркунучтары, ошондой эле аларды жокко чыгаруу чаралары талкууланды.
Ал террорчулук, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу көйгөйлөргө токтолгон. Булардан сырткары, өлкөлөр терс таасири байкалбай тийип зыян келтирип жаткан жагдайларга туш болуп жатканын белгилеген. Анын ичинде маалыматтык жана идеологиялык чөйрөлөр бар экенин да айткан.
Башкы катчы кесиптештери менен өлкөлөрдүн аймактык коопсуздугун камсыз кылууда кызматташуунун маанилүү учурларын жана өнүгүү келечегин талкуулады. Ал деструктивдүү жана радикалдык идеологияларды жаштар арасында жайылтуу үчүн заманбап байланыш каналдарынын колдонулушу түйшөлтүп жатканын айткан.
Бекболотов Кыргызстан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык кадамдарга мындан ары да өз салымын кошууга даяр экенин билдирген.
Ал эми "Борбор Азия жана Россия" форматындагы катчылардын экинчи жолугушуусунда өлкөлөрдүн аймактык коопсуздугун камсыздоодо кызматташуунун жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Коопсуздук катчылары азыркынын арбын маселелерин чечүү мамлекеттер аралык мамилелердин бардык аспектилерине тийиштүү экенин, Евразия аймагынын жалпы өнүгүшүнүн келечегине таасир этерин белгилешкен.
Жолугушуунун соңунда Бекболотов өлкөлөрдүн көп тараптуу кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан "Борбор Азия жана Россия" форматынын алкагында ишти улантууга даяр экенин билдирди.
Коопсуздук кеңештин катчысы: санариптик көз карандысыздыкты бекемдөө маанилүү