РКӨФ жана Wildberries стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюшту

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) менен Wildberries компаниясы стратегиялык кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу РКӨФтөн билдиришти.
Компаниянын башкы аткаруучу директору Роберт Мирзоян менен фонддун төрагасы Артем Новиков тиешелүү документке Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюшкан.
Кызматташуу кыргызстандык ишкерлерге эң ири электрондук соода аянтчаларынын бири аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Келишимдин негизги багыттары:
РКӨФ чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялар менен колдойт, ал эми Wildberries онлайн соода жүргүзүү үчүн инструменттерди сунуштайт;
Wildberries Кыргызстанда тапшырык алуу борборун курат. Бул борбор товарларды жеткирүү убактысын кыскартып, чыгымдарды азайтат. Аталган долбоорго фонд каржылык колдоо көрсөтөт.
Тараптар аял ишкерлерди каржылап, окутуп, көндүмдөрүн жакшыртып, колдоого алышат;
Ошондой эле онлайн-сооданы, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана санарип сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш жүрөт.
Кендирбаева: кыргызстандыктардын 82%дан ашыгы орус тилин жакшы билет