Эртеңден баштап жаан жаап, сел жүрүү тобокелдиги күчөйт

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Эртеңден баштап жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү тобокелдиги күчөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июндан 22-июнга чейин аба ырайы улам өзгөрүп, жер-жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт.
Буга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экени айтылды.
Парламентте токой чарбасын ӨКМден чыгарып өзүнчө агенттик кылып түзүү сунушталды