БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия педагогикалык багыттагы студенттери үчүн Кыргызстандын маданиятын изилдөө борборун ачууга даяр. Бул тууралуу РФ агартуу министри Сергей Кравцов Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
Ал ушул тапта Россияда Өзбек маданиятынын борбору ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.
"Кыргыз тили да биздин билим берүү системабызда колдоого алынууда", — деди министр.
Кравцовдун айтымында, балдарга эмне үйрөтүлсө, келечекте ошол баалуулуктар таасирин берет.
"Жалпы баалуулуктар — көп уюлдуу дүйнөдө өсүүнүн негизи" деген тема коюлган Петербург эл аралык экономикалык форуму 18-21-июнь күндөрү өтүп жатат.