БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргыз кинолору Голливуддуку менен кадимкидей атаандашып жатканын Кино департаментинин директору Улан Адамалиев ПЭЭФте билдирди.
Ал "КМШ өлкөлөрүндө кино өнөрүнүн келечеги: кызматташтык аркылуу орногон туруктуулук" деп аталган сессияда сүйлөгөн.
Адамалиевдын айтымында, былтыр республикада 52 кыргыз, 372 чет элдик, негизинен Голливуд фильмдери прокатка чыккан. 80 миң билет сатылса, рынок анын суммасын 13-15 миллион доллар деп чыгарган.
"Муну менен катар эле биздин кинофильмдер Голливуд тасмалары менен атаандашып, кирешени жарымына чейин камсыз кылышты. Бул — постсоветтик мейкиндиктеги өзгөчө көрүнүш", — деген ал.
Департамент жетекчиси кинематография искусство эле эмес, маданий эгемендүүлүктүн белгиси жана таасир этүү куралы экендигин кошумчалаган.
Адамалиев шериктештиктин өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын маданият жана медиатармактарда коргоп, колдоо үчүн КМШда кинематографияны өнүктүрүү кеңешин түптөөнү, ал үчүн коорданициялоо механизмдерин түзүүнү сунуштады.
"Күчүбүздү бириктиргенде гана тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берип, жергиликтүү кинону өнүктүрө алабыз", — деп белгилеген Адамалиев.