БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөр жана алардын өнөктөштөрү үчүн киберкоркунучтарга каршы күрөш өзгөчө мааниге ээ, себеби уюмдун аймагында ар кыл кызыкчылыктар, виртуалдык платформалар көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык биринчи конференциясында айтты.
Катчы санариптик көз карандысыздыкты бекемдөө маанилүү экенин белгилеген.
"Ал канчалык бекем болсо, мамлекет өзүнүн коомдук мейкиндигин өз алдынча коргоп, ресурстарын объективдүү баалай алат. Аны менен катар эле тышкы таасирлерден жана дүйнөлүк монополисттерге көз карандылыкты азайтууга жөндөмдүүлүгү артат", — деген ал.
Бекболотов тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу жана инфраструктураны, маалыматтык системаларды, маалымат базаларын түзүү жаатындагы аракеттерди бириктигенде гана натыйжалуу жооп кайтаруу механизмдери түптөлөрүн белгилеген.