Тасмагамбетов: ЖККУ кибертехнология жаатындагы куралдануу жарышына көз салууда

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 19-июн. — Sputnik. ЖККУ кибертехнология жаатындагы куралдануу жарышына көз салууда. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча I эл аралык конференциясында билдирди.
"Жарышка катышып жаткан тараптардын баары кичине эле кетенчиктей түшсө социалдык-экономикалык эле эмес, аскердик-саясий жактан да "сынып каларын", ал эми атаандаштарынан озсо бул тармакта үстөмдүгүн орнотуп, дээрлик жазаланбай турганын жакшы түшүнүүдө", — деди Тасмагамбетов.
Баш катчынын айтымында, кибермейкиндикте ооздуктоо механизми жок, мындай жагдай "кибердиктатураны" орнотушу мүмкүн.
ЖККУ катчысы: кибермейкиндик каршы тараптар тирешкен аймакка айланды