ЖККУ катчысы: кибермейкиндик каршы тараптар тирешкен аймакка айланды

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 19-июн. — Sputnik. Кибермейкиндик жер, суу, аба жана космостон кийин ар кыл саясий жана аскер күчтөрү каршылаша турган бешинчи аймак болуп калды. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясында сүйлөгөн.
Тасмагамбетов кибермейкиндик өнүгүп жатканы менен көйгөйлөр да бар экенине токтолду. Анын айтымында, "оюндун эрежелери" так эмес, маселе бул тармактагы лидер мамлекеттердин позициясында, алар улуттук кызыкчылыгынан карап, бирөө-жарым аны чектеп туруусун каалабайт.
"Глобалдуу Түштүк мамлекеттери көп жылдар бою АКШнын интернетти башкаруудагы башкы ролуна тынчсызданып, кибермейкиндикти тескөө моделин карап чыгуу зарылдыгын айтып келишет", — деди баш катчы.
Тасмагамбетов айрым тараптардын киберкылмыштуулук менен кибертеррорчулукту аныктоодо кош стандарттуулукту таңуулаган саясатын белгиледи.
РФ Коопсуздук кеңеши: кырдаалды чайпалтуу үчүн "түстүү" революциялар пайдаланылат