БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлиги президент Дональд Трамптын билдирүүсүнөн улам АКШнын Тегерандагы кызыкчылыгын көздөгөн Швейцариянын эличисине каршылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу Mehr агенттиги жазды.
"АКШ президентинин ой келди билдирүүлөрүнөн кийин Швейцариянын Тегерандагы элчиси Надин Лозано ТИМге чакыртылды, ага эми АКШ өкмөтүнө токтоосуз жеткирүү үчүн каршылык нотасы тапшырылат", — деп айтылат маалыматта.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Иса Камели америкалык президенттин сөзүн чагымчыл билдирүү деп атады. Ал "жалпы дүйнөгө жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жараткан" сөздүн жоопкерчилиги толугу менен Вашингтондун мойнунда экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Иранга "акыркы ультиматумун коюп", "кыңк этпей багынып берүүсүн" талап кылып, Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине сокку уруларын айтып коркуткан.