БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 82 пайызы орус тилинде мыкты сүйлөйт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
"Кыргызстандыктардын 82 пайыздан ашыгы орус тилин мыкты билет. Бизде орус тилинде окуткан 260 мектеп жана 867 аралаш мектеп бар. Жогорку окуу жайлардын алдындагы мектептердин программасы жалаң орус тилинде. Маданий интеграциянын келечеги кең деп эсептейм", — деди министр.
Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан 2 377 мектеп бар.