Кыргызстанда 20-22-июнда "Эскерүү шамы" акциясы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жыл сайын өтүп келген "Эскерүү шамы" акциясы быйыл 20-22-июнга белгиленген. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.
Аны "Жеңиштин Кыргызстандагы ыктыярчылары" кыймылы, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Кыргызстан ардагерлеринин, ыктыярчыларынын уюмдары, "Русский дом", "Евразия. Кыргызстан" фонду уюштурат.
Акциянын алкагында Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Кант шаарларында, Панфилов, Ленин жана Беловодск айылдарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилет.
Иш-чаралардын убактысы жана өтчү жерлери картада көрсөтүлгөн.
Ата Мекендик согуш учурунда атайын негизделген орден. Видео