БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте адамды мыкаачылык менен бычактап жаткан 32 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Окуянын видеосу кечээ интернетке тараган. Анда белгисиз киши экинчисин жаткырып алып, мыкаачылык менен бычактап жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча милиция маалымат берип, шектүү колго түшүрүлгөнүн билдирди. Ал эми 42 жаштагы жабырлануучу ооруканага жеткирилген.