Кыргызстанда коркунучтуу пестициддерди колдонууга тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коркунучтуу пестицидди колдонууга тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Министрлик бул кадам элдин ден соолугуна кам көрүү максатында жасалып жатканын белгиледи.
"Өлкөдө паракват дихлорид затынын негизиндеги пестициддерди өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого болбойт", — деп жазылган маалыматта.
Паракват — ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу химикат. Анын рак ооруларын, балдардын нерв системасынын бузулушун, репродуктивдик жөндөмгө жана гормондорго зыян келтирери аныкталган.
Бишкектиктер чегиртке каптап жатканына түпөйүл. Министрликтин жообу